Баш оона 06, 2025
Убакыт: 15:17
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.087
1.110

Борбор Азия лидерлери Ташкентте өтө турган саммитке даярдыкты талкуулашты

06.08.2025 12:08
16
Борбор Азия лидерлери Ташкентте өтө турган саммитке даярдыкты талкуулашты


Кечээ Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине даярдыкка арналган иш-чарага катышты, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.


Талкууга Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышты.


Жолугушууда өз ара кызматташууну өнүктүрүү, саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана экологиялык маселелерди чечүү жолдору талкууланды.


Өзбек тарап регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар жаңы демилгелерди сунуштай турганын билдирди. Ошондой эле Азербайжандын аймактык долбоорлорго активдүү катышуусу өзгөчө белгиленди.


Борбор Азия лидерлеринин кезектеги саммити быйыл Ташкент шаарында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн