Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 17:28
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Бүгүн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө

21.12.2021 09:29
1984
Бүгүн Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 21-декабрда "Кааба уулу Кожомкул" атындагы спорт сарайында маркум Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган  "Алыш" бел боо күрөшү боюнча  эл аралык Гран-при мелдеш өтүүдө. 


Мелдешке Украина, Иран, Казакстан, Өзбекстан жана башка чет өлкөдөн келген балбан эркек жана кыз-келиндер катышууда. Ошондой эле Кыргызстандын балбандары да күч сынамакчы.


Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Гран-при мелдеши анын жакындары жана уулу Адилет Баяман уулу тарабынан уюштурулган.

Эркектер арасында күрөш боюнча жеңүүчүгө автоунаа, ал эми кыз-келиндер арасында жеңүүчүгө 1500 АКШ доллары ыйгарылат. Мындан сырткары, байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар тапшырылат.


Мелдештин расмий ачылышы бүгүн 18:00дө өтмөкчү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн