Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 10:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.130

Бүгүн Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

06.10.2025 09:43
173
Бүгүн Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды


Бүгүн, 6-октябрда саат 02:29да Кыргызстанда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.


Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн