Бүгүн, 1-июлда жер мунапысына катышуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жер мунапысы объектиге мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция. Анда жер мунапысына туура келген объектиге менчик укуктары берилет. Ошондуктан жер тилкесине болгон укуктарын мыйзамдаштырууну каалаган жарандар жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялардын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссияларга кайрылуу керек.
Белгилей кетсек, программа башталгандан бери республика боюнча 20-июнга карата жалпы 170 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.
Учурда агенттик тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу 64 820 мамлекеттик акты, 43 278 техникалык паспорт берилген.
Мунапыска алынган жалпы жер аянты – 10 338 гектарды түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн