Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 15:07
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

Бүгүндөн тарта Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырбаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат

11.09.2025 11:20
25
Бүгүндөн тарта Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырбаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат


Бүгүндөн тарта Россияда статусун аныктабаган чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар да өлкөдөн чыгарылып, алардын кайра кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги эскертти. 


Мекеменин маалыматында сентябрдын башына карата көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 86 миң кыргызстандык кирген, жыл башынан бери андан 98 миңден ашык жаран чыгарылган. Алардын 14 миңден ашыгы өз макамын Россиядан чыкпай жөнгө салуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылган. Ал эми 84 миңден ашууну РФ аймагынан чыгып кеткен үчүн реестрден чыгарылган. 


"2025-жылдын 11-сентябрынан тартып өзүнүн статусун жөнгө салбаган жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө салынган тыюуга дуушар болот", — деп айтылат маалыматта. 


Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан тартып Россияда чет өлкөлүк жарандарга карата укуктук абалын жөнгө салуу механизми күчүнө кирген. Ага ылайык, 1-январдан 30-апрелге чейин көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш болгон бардык чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн өз алдынча чыгып кетүүгө же укуктук статусун жөнгө салууга милдеттүү болгон. 


Президент Садыр Жапаров Россия президентине биздин жарандардын Россиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Мындан улам бул мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн