Теке 23, 2025
Убакыт: 21:16
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.105
1.135

Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Кыргызстанга келди

23.07.2025 13:37
18
Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Кыргызстанга келди


Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.


Мартабалуу мейманды "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды. 


Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген. Атап айтсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 


Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн