Баш оона 24, 2025
Убакыт: 09:54
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

ЧЧКга чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштеринен натыйжа жок

16.08.2020 09:07
1140
ЧЧКга чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштеринен натыйжа жок


Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланы 35 куткаруучу издеди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү Биринчи Май районун Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 2015-жылы төрөлгөн кичине бала чөгүп кеткен.

 

15-август күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 35 куткаруучу тартылган . Саат 20:20да издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштеринен натыйжа чыккан жок. 16-август күнү издөө иштери улантылат.


Белгилей кетсек, буга чейин Чоң Чүй каналында 5 жаштагы баланын сөөгү изделип жатканы айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн