Баш оона 05, 2025
Убакыт: 06:04
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Чаткал районуна кичи ГЭС куруу пландалууда

11.04.2023 10:35
1387
Чаткал районуна кичи ГЭС куруу пландалууда

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында муниципалдык чакан ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин эл менен жолугушуусунда район акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.


Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда жергиликтүү бюджеттен долбоорлоо жумуштарына 5 млн сом каражат бөлүнгөн.


Чакан ГЭС 5 МВт өлчөмүндөгү электр энергиясын өндүрүп, жергиликтүү казынанын жыл сайын 60 млн сомдон ашуун киреше бөлүгүн камсыздары болжолдонууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн