Кулжа 30, 2025
Убакыт: 15:09
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Чаткалда чакан ГЭСтердин курулушуна старт берилди

30.06.2025 11:13
24
Чаткалда чакан ГЭСтердин курулушуна старт берилди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушуна старт берди.


Атайын кызматтан билдиришкендей, ошондой эле ал Чаткал өрөөнүндө алгачкы алгачкылардан болуп курулуп жаткан "Башкы-Терек" ГЭСинин имаратына капсула салуу аземине катышты.


Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС куруу каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. Долбоор министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, эгергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып жатат.


ГЭСтерге "Гран Холдинг" ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал ГЭСтер каскады Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар:


  • Башкы-Терек;
  • Коргон-Сай;
  • Чуңкурчак;
  • Айгыр-Жал.


"Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн