Теке 09, 2025
Убакыт: 11:51
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.110
1.135

Чаткалда класстын шыбынын урашынан окуучулар денесинен жаракат алган эмес

17.05.2022 15:30
975
Чаткалда класстын шыбынын урашынан окуучулар денесинен жаракат алган эмес

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы мектептин шыбынын урашында окуучулар жабыркаган эмес. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Терек-Суу айылында нөшөрлөгөн жаандан улам класстын шыбынан суу тамчылай баштаган. Класстын мугалими окуучуларды коопсуз жайга чыгарганга жетишкен. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.


“14 бала жана мугалим мектеп маршруткасы менен Ала-Букадагы жалпы медициналык практика борборуна жөнөп кетишти. Балдардын эч кимиси денесинен жаракат алган жок, бирок чочуп калышкан. Мындан сырткары, мугалимдин кан басымы көтөрүлүп кеткен”, - деп айтылат маалыматта.


Эскертке кетсек, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн