Кулжа 25, 2025
Убакыт: 21:18
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

Чектөөлөр киргизилет. Бишкекте дагы 8 көчө оңдолот (Тизме)

21.04.2021 16:04
940
Чектөөлөр киргизилет. Бишкекте дагы 8 көчө оңдолот (Тизме)

25-апрелден баштап Бишкектин дагы 8 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, эки жагына тротуарларды куруу менен реконструкцияланат.


Кулатов көчөсү Каракөл көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;

Чортеков көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Архитектор көчөсү;

Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;

Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

Дордой-2 конушуна кирген Центральный көчөсү объезднойдон жаңы конуштун аягына чейин.


Мэриянын билдиришинче, жогорудагы көчөлөр 25-апрелден баштап жарым-жартылай жабылып, 1-майдан баштап толугу менен жабылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн