Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 17:53
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы чемпионатта күмүш медаль утту

10.10.2024 12:01
1851
Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы чемпионатта күмүш медаль утту


Балбан Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.

Федерациядан билдиришкендей, Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашууда. Ал монголиялык, грециялык, латвиялык балбандарды жеңип финалга чыкты. Ал эми финалда Александр Руминге 2:0 эсебинде утулуп, 2-орунду ээлеп күмүш медаль тагынды.

Эске салсак,Турнир Хорватияда өтүп, ага 35 жаштан 60 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн