Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулган эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму аяктады.
Иш-чаранын экинчи күнүндө шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны болуп, анда жаштардын электоралдык саясаты жаатында кызматташтык стратегиялары жана артыкчылыктары талкууланды.
Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Армения өлкөлөрүнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Форумдун жүрүшүндө Казакстан менен Тажикстанда өткөн шайлоолор боюнча улуттук отчеттор угулду.
Ал эми борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаштардын электоралдык саясаты боюнча доклад жасап, Кыргызстанда жаштар шайлоочулардын 44% түзөрүн белгиледи. Ошондой эле алардын саясатка активдүү катышуусун жогорулатуу үчүн атайын чараларды көрүү керектигин айтты.
Мындан сырткары, жыйында катышуучулар эл аралык электоралдык саясат боюнча Консультативдик кеңештин алдында жаштар саясаты боюнча жумушчу топ түзүү сунушун колдошту жана тиешелүү жобо кабыл алышты.
Бул КМШ өлкөлөрүнүн шайлоолорунда жаштардын катышуусун көбөйтүү үчүн кызматташтыкты институционалдаштырууда маанилүү кадам болду.
Форумдун соңунда Консультативдик кеңештин төрагалык милдети Беларустан Казакстанга өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн