Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды

09.03.2024 12:31
699
Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды


Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир бала тоого чыгып, саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болгон.

Издөө ишин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана туугандарынан 3 адам тартылган.

Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн