Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чоң-Алай: Көчүрүлгөн айылдардын тургундары кайтып келишүүдө

06.06.2021 16:04
2104
Чоң-Алай: Көчүрүлгөн айылдардын тургундары кайтып келишүүдө


Ош облусунун Алай районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында коопту кырдаал жаралгандыгына байланыштуу эвакуцияланган тургундары туруктуу жайларына кайтып келүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу кечээ, 4 июнь күнү Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарындагы тургундар убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Учурда Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу болгондугуна байланыштуу эвакуацияланган тургундар өзүнүн туруктуу жашаган жайларына кайтып келүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болуп, тургундар өз үйлөрүнө кайрадан кайтарыла тургандыктарын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн