Оштун Чоң-Алай районундагы Жантайма жайлоосунда көпүрөдөн өтүп бараткан 16 жана сегиз жаштагы бир тууган балдар сууга түшүп кетип каза болушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге кабар 4-июлда саат 20:20лар чамасында келген. Балдарды куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан жалпы 89 адам издеген.
“Бирок кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө токтотулган. Бүгүн саат 04:00дө издөө иштери улантылып, саат 07:00 чамасында эки баланын тең сөөгү табылды”, – дешти ӨКМден.
Балдардын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн