Жетинин айы 03, 2025
Убакыт: 19:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.075
1.110

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы жаранды издөө иштери улантылат

30.06.2022 10:49
625
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 59 жаштагы жаранды издөө иштери улантылат


Кечээ, 29-июнда Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 59 жаштагы жаран түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ, 29-июнь күнү Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына (БЧК) 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, саат 21:10до издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бүгүн, 30-июнь күнү издөө иштери улантылат.
https://www.super.kg/kabar/news/411729/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн