Баш оона 24, 2025
Убакыт: 09:56
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Чу дарыясына түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөөгө 23 куткаруучу тартылды

15.08.2020 14:12
1372
Чу дарыясына түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөөгө 23 куткаруучу тартылды

 

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иштерине 23 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-жылы төрөлгөн кичине бала чөгүп кеткен.


Бүгүн, 15-августта саат 09:20да издөө иштерин улантуу максатында Кочкор райондук №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 суучул 1 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 2 суучул, кошумча саат 10:20да Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 суучул, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 суучул, жалпы 23 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн