Кулжа 17, 2025
Убакыт: 21:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Чүйдөгү каналдардан бир суткада 2 кишинин жансыз денеси табылды

22.06.2020 11:11
1071
Чүйдөгү каналдардан бир суткада 2 кишинин жансыз денеси табылды

 

Сокулук районунда аял кишинин жана Ысык-Ата районунда 14 жашар баланын жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 21-июну күнү 09:50дө Сокулук айылындагы Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн (аты-жөнү такталууда).


Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Ошондой эле Ысык-Ата районунда 21-июну күнү саат 16:30да Дача-Энергетиков Пионерская көчөсүнүн №38чи үйүнүн 14 жаштагы тургуну көлмөгө чөгүп кеткен.


Куткаруучулар көлмөдөн баланы алып чыгып туугандарына өткөрүп бериген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн