Бугу 04, 2025
Убакыт: 14:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Чжао Жапаровдун санарип активдерди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңешчиси болду

04.05.2025 10:01
30
Чжао Жапаровдун санарип активдерди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңешчиси болду


Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири —Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао (CZ) менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 


Алар Чолпон-Ата шаарында жолуккан. 


Тараптар Кыргызстанда виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү жолдорун сүйлөшкөн. 


CZ санариптик активдер жаатында, санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирген. 


Президент Чжаого Кыргызстан президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырган. 


"Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга даярдыгын, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат таратылган маалыматта. 


Мурдараак берилген маалыматтарда ал Кыргызстанда жаңы түптөлгөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи отурумуна катышары айтылган. 


Эске салсак, Чанпэн Чжао кытай-канадалык ишкер. Binance компаниясын 2017-жылы негиздеп, кыска убакытта соода көлөмү, өтүмдүүлүк жана колдонуучулардын саны боюнча тармактагы лидерге айланган. 2020-жылы смарт келишимдер колдоосу менен блокчейн - Binance Smart Chain (BSC) ишке киргген. Кийинчерээк аталышы BNB (Build and Build) Chain деп өзгөртүлгөн. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн