Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

ДССУ Коронавирус илдетин пандемия деп тапты

12.03.2020 10:36
931
ДССУ Коронавирус илдетин пандемия деп тапты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси  Тедрос Гебрейесус COVID-19 вирусун таркоосун пандемия деп сыпаттады.

“Алдынкы жумаларда жана күндөрдө илдетке чалдыккандардын жана андан ажал тапкандардын көбөйүшү, ошондой эле жаңы өлкөлөргө жетип баруусу күтүүлүдө”, - дейт уюмдун башчысы.

Ошондой эле вирус катталбаган  ондон ашык өлкөлөргө алдын алуу чараларын көрүү керектигин айткан.

“81 өлкөдө бир дагы учур каттала элек, ошондуктан алар илдетти киргизбөө үчүн колунан келген баардык чараларды көрүүсү керек. Алар бул вирусту өз өлкөлөрүнө киргизбөөсү керек. Мындан сырткары 57 өлкөдө ондон ашпаган гана бейтаптар катталган. Алар бул дартты жеңсе болот”, - деп баса белгиледи.

Учурда коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө жетти. Илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Оорудан төрт миңге жакын адам көз жумду.

Пандемия грекчеден которгондо “пан” " - "бүт баары", ал эми демия “демос" сөзүнөн алынып "кишилер" дегенди туюндурат

Демек Пандемия бул инфекциялык оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен сыпатталган илдет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн