Бугу 03, 2025
Убакыт: 10:43
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

ДССУ коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, бет кап тагынууну улантууга чакырды

09.01.2024 16:04
347
ДССУ коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, бет кап тагынууну улантууга чакырды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус бир нече жумадан бери көптөгөн өлкөлөрдө COVID-19га кабылгандардын саны көбөйүп жатканын айтып, буга байланыштуу бет кап тагынып, вируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Гебрейесус өзүнүн Х социалдык баракчасына аркылуу билдирди.


"Сасык тумоо жана башка патогендерден келип чыккан респиратордук оорулардын саны бир нече жумадан бери көптөгөн өлкөлөрдө өсүп жатат. Ал майрамдардан кийин да күч алышы мүмкүн", — деп жазган ДССУнун жетекчиси.


Гебрейесус буга байланыштуу коронавирусту текшерген тесттен өтүп, керек болгон учурда дарыгерге кайрылуу керектигин эскерткен.


"Бет кап тагынып, аралыкты сактоону уланта бергиле. Ошондой эле жакындарыңардын COVID-19 менен гриппке каршы эмдөөдөн өткөнүн көзөмөлдөп тургула", — деп кошумчалаган ДССУнун башчысы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн