Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 19:01
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.025
1.050

Дары-дармектер департаментинин беш кызматкери коронавируска чалдыкты

08.05.2020 11:56
1279
Дары-дармектер департаментинин беш кызматкери коронавируска чалдыкты


Дары-дармектерди камсыздоо жана медициналык техника департаментинде 5 кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу 8-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.


"Дары-дармектерди камсыздоо жана медициналык техника департаментинде коронавирус инфекциясын жуктурган 5 учур бар, алардын бардыгы өз ара байланышкандар. Оору алардын арасындагы бир кызматкерден жуккан. Бардык кызматкерлер көзөмөлдө, дезинфекциялык иш-чаралар өткөрүлдү”, - деди Нурболот Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн