Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:30
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Ар бир министрге өз-өзүнчө добуш берүүнү сунуштап жатабыз”

15.01.2024 19:23
613
Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Ар бир министрге өз-өзүнчө добуш берүүнү сунуштап жатабыз”


- Дастан Артисбекович, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө “Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралды. Долбоордун демилгечилеринин бири катары айтсаңыз, анын маңызы эмнеде?


- Биздин Башмыйзамдын үч жеринде белгиленген: “Президент министрлер кабинетин аныктайт, анан Жогорку Кеңеш бекитип берет. Жогорку Кеңештин ыйгарым укугунда да “министрлер кабинетинин түзүмүн бекитет” деп турат. Бирок, ал кандай жол менен бекитилет (?) деген процедура каралган эмес. Буга чейин мин”истрлер кабинетин бекитип жатканда, биз жалпысынан эле токтом кабыл алып койчубуз. Жалпы эле бир добуш берип шайлап берчү элек. Эми биз эки мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир талапкерге өз-өзүнчө добуш берүүнү сунуштадык. Ошондо министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн рейтинги да билинет, жакшысын “жакшы”, жаманын “жаман” дегенге шарт түзүлөт. Себеби, баардыгы тең болбойт экен, арасында башкаларга илешип, алардын шары менен өтүп кеткендер да боло калып атпайбы, анан депутаттар алардын дарегине сын айткан учурлар болууда. Андайлардын ушул жерден эле тагдырын чечип коюшубуз керек. Министрлер кабинетинин кайсы бир мүчөсү парламенттен колдоо таппаса, ал шайланбай калат. 


- Ошондо мыйзам бүгүн биринчи окуудан өттү да?


- Ооба, кесиптештерибиз колдоп беришти, рахмат! Эми экинчи, үчүнчү окуу алдыда турат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн