Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште күмүш медалдын ээси болду

26.02.2024 09:33
610
Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште күмүш медалдын ээси болду


Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү боюнча АКШнын Студенттик ассоциациясынын чемпионатынан (NCAA) күмүш медаль утту. Бул туурасында өлкөнүн Суу спорту ассоциациясы билдирди.


Ал 200 метр аралыкты 1 мүнөт 51 секундада сүзүп өтүп, марага жеткен.


“Денис – бул ассоциациянын 100 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча рекорд жаратуучусу. Алдыда ал узак сапарга чыкканы турат. АКШдан Филиппинге учуп келип, эртеси эле суу спорту боюнча XI Азия чемпионатына катышат”, — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн