Кулжа 29, 2025
Убакыт: 23:34
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Депутат Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу үчүн алынган кредит жогорку пайызда алынганын билдирди

24.01.2022 16:11
732
Депутат Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу үчүн алынган кредит жогорку пайызда алынганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова  Ысык-Көл облусундагы айланма жолду курууга алынган кредиттин пайызы жогору экенин билдирди.


Анын айтымында, Кувейт фонду буга чейинки долбоорлор үчүн кредитти 1 пайыздан берген.


"Кувейт фонду Ысык-Көлдөгү Корумду-Балбай айланма жолун реконструкциялоо үчүн кредитти 2 пайыз менен бериптир. Бул көрсөткүч жогору эмеспи? Анткени буга чейин фонд долбоорлорду каржылоодо 1 пайыз менен берген",- деди депутат Султанбекова.


Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев долбоорду каржылоо үчүн 4 банк 1 пайыздан берүүгө даяр экенин билдирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн