Теке 16, 2025
Убакыт: 04:15
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Депутат Турсунбаев Ала-Буканын жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

15.07.2025 20:11
122
Депутат Турсунбаев Ала-Буканын жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту


Бүгүн, 15-июлда ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы Ак-Коргон, Падек, Коргончо айылдарынын жашоочулары менен жолугуштум, деп билдирди эл өкүлү социалдык баракчасы аркылуу.


Билдирүүгө ылайык, жолугушуу Ак-Коргон айылындагы клубда өткөн.


Жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар маселелер айтылып, алардын олуттуулары төмөнкүлөр: 


- Сугат суу маселеси жана скважинанын төлөмүн азайтуу;

- Ак-Коргон айылындагы стадиондун чатырын жабуу;

- Баястан айылына кетчү жолду кеңейтүү;

-  Баястан айылына мектеп жана трансформатор маселеси;

- Жөлөк пулдун суммасын көбөйтүү маселеси, учурда берилип жаткан 1200 сом жетпейт;

Ак-Коргон айылына спорт комплексин куруу;

- Ички көчөлөргө шагыл төшөө;

- Падакана деген жерди жер тилкеси катары берүү сунушу;

- МБанктын филиалын ачуу.


Эл өкүлү бул маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, оң жагынан чечилүүсүнө көмөк көрсөтүүнү убада кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн