Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутаттар ЖК жыйынына өкмөт башчынын катышуусун талап кылышты

01.04.2020 12:08
599
Депутаттар ЖК жыйынына өкмөт башчынын катышуусун талап кылышты


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 1-апрелде өтүп жаткан кезексиз жалпы жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзү келип катышуусун сунушташты.


Депутат Исхак Масалиевдин пикиринде, учурда Кыргызстанда абал курчуп баратат, өлкөдө өзгөчө абалдын кириши менен элди бир топ түйшөлткөн суроолор пайда болду.


Мирлан Жээнчороевдин айтуусунда, эл өкүлдөрү атайын кезексиз жыйынга чогулуп жаткандан кийин өкмөт башчы орун басарларын эле жиберип, өзү келбей калганы туура эмес. Ошондуктан премьер-министр өзү келип маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп бериши зарыл.


Бул сунушту төрага Дастан Жумабеков эл өкүлдөрүнүн алдына коюу менен чечилиши керектигин айтты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында сунуш кабыл алынды.


Бүгүнкү жыйында жалпы 107 депутат каттоодон өттү.  

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн