Тогуздун айы 29, 2025
Убакыт: 22:10
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.090
1.125

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылат

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылат


Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин добуш берүүсү үчүн 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө багытталган жыйын учурунда белгилүү болду.


Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону сапаттуу уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


"Алдыдагы шайлоо өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы. Учурда жүз миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жатышат. Алардын ар бири Кыргызстандын жараны катары өз добушун берүүгө жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга укуктуу. Ошондуктан, алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин негизги максатыбыз - шайлоону ачык, мыйзамдуу, коопсуз өткөрүү. Ар бир жарандын добушу саналып, ар бир шайлоо тилкесинин иши жогорку деңгээлде уюштурулушу маанилүү", - деди ал.


Жыйын учурунда тийиштүү мамлекеттик органдар бир катар шаарларда тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүп, адистерди окутуп, техникалык жабдууларды сыноодон өткөрүп жатканы белгилүү болду. Мындан тышкары, эл аралык байкоочуларды чакыруу жана катышуу аракеттери жүрүп жатат.


Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн