Кулжа 17, 2025
Убакыт: 08:04
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Дүйнө чемпионаты: 1/8 финалда Франция Польша менен, Аргентина Австралия менен ойнойт

01.12.2022 09:35
734
Дүйнө чемпионаты: 1/8 финалда Франция Польша менен, Аргентина Австралия менен ойнойт

30-ноябрь күнү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында тайпалык баскычтын акыркы турундагы беттештер өттү.


D тайпасындагы Франция Тунистен жеңилгенине карабастан тайпадан биринчи болуп чыкты. 

Буга удаа оюнда Дания Австралияга жеңилип, дүйнө чемпионаты менен кош айтышты. Ал эми Австралия алдыга бир кадам жасады.


C тайпасында Сауд Аравияга сенсациялуу жеңилүүдөн кийин Аргентина абалын оңдоп, тайпада Мексика жана Польшаны жеңип, тайпадан биринчи орун менен чыкты.


Ал эми Сауд Аравия акыркы беттеште Мексикага 2:1 эсебинде жеңилип, кийинки баскычка чыгуудан кур калды.

Бул тайпада Аргентина 6 упай топтосо, Польша 4 упай менен 1/8 финалга жолдомо алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн