Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда 2022-жылы өткөрүлө турган болду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын жолугушуусунда маалым болгонун ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакын арада өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү. Билал Эрдоган 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен Түркия кандай даярданып жатканы тууралуу маалымат берди. Казакбаев Көчмөндөр оюнун буга чейин өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Тышкы иштер министри Казакбаев V Көчмөндөр оюндарын 2024-жылы Кыргызстанда өткөрүү керектигин айткан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы магистратура жана докторантура программаларына Кыргызстандын жарандарын окутуу үчүн жыл сайын стипендия бөлүп берүүгө даяр экендигин жарыялаган.
Андан тышкары, Эрдоган Чолпон-Ата шаарында жыл сайын Конфедерациянын алкагында Көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даяр экенин белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн