Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Жерүйдөгү 80 тонна алтындан 1 пайыз да үлүшүбүз жок”

14.04.2024 16:14
566
Дүйшөнбек Камчыбеков: “Жерүйдөгү 80 тонна алтындан 1 пайыз да үлүшүбүз жок”


Жерүйдөгү үлүш маселеси, чечүү жолдору тууралуу тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков агай ой бөлүштү.

- Жерүй алтын кени боюнча президентибизге кайрылуу жолдодуңуз эле. Анда кандай маселелер камтылган?


- Кайрылуумдун себеби, өзгөчө Жерүй алтын кенинин ээси болуп жарыялаган “Альянс-Алтын” компаниясы жөнүндө сөз болгон. 4-май 2015-жылы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин алдында түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими менен “Восток-Геолдобыча” компаниясы Жерүй кенинин ээси болуп жарыяланган. 


“Восток-Геолдобыча” компаниясы Жерүй долбоорунун 100% үлүшүнө ээ болгон. Себеби, конкурстун туура эмес, одоно ката менен түзүлгөн жобосу ушундай болуп калган. Буга чейинки Жерүй долбоорунун ээси болуп келген компаниялар ошол эле “Жерүй алтын”, “Талас голд” Кыргызстандын үлүшүнө 40% берип келишкен, анткени чалгындоо иштерине кетирилген чыгымдар (исторические затраты) 40 миллион доллардан кем болгон эмес. Чындыгында биздин үлүш 40% кем каралбаш керек эле. 


Сөзүбүздүн ынанымдуулугу үчүн айрым мисалдарды келтире кетсек. “Алтын кенде” 40%, “Эти Бакыр Терек-Сайда” 25% болуп эсептелинет. Жерүй кенинин жалпы кору 105 тонна алтын бар деп эсептелинсе, “Альянс-Алтындын” маалыматынын негизинде 20 жыл иштетүүдө 80 тонна таза алтын өндүрүлсө, жалпы киреше 4,2 миллиард долларды түзсө, ал эми таза кирешеси экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде 1,5-2,5 миллиард доллар болуп жатат. Ал эми биздин үлүшүбүз жок болгондуктан, мамлекетке бир да сом түшпөйт. Биз деген “Жерүй кенин 100 миллион долларга сатып, экономикага чоң пайда түшүрдүк” дейт. Буга жооп иретинде мындай деп айтат элем. Мурунку кетирилген чыгымдар 40 миллион доллар, буга кошумча “Кыргызалтын” ишканасынын бул долбоордо кетирген кошумча чыгымы 10 миллион доллар болсо, жалпы кетирилген чыгым 50 миллион долларды чапчып жатса, инфляциянын коэффициентин эске алсак 60-70 миллион долларга чыгат, анан кантип биз “100 миллион доллар пайда таптык” деп айта алабыз? Болгону 30-40 миллион доллар бюджетке түшүргөн болуп жатпайбызбы! Салыштырмалуу мисал келтирип кетейин: “Кыргыз алтын” мекемеси тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде Терек-Сайдагы жайгашкан алтын кендерин (Перевальное, Терек, Терек-Кан) жалпы кору 10 тонна алтынды түзгөн, иштетүү үчүн түзүлгөн “Эти Бакыр Терек-Сай” мекемеси, 10 тонна алтыны бар кен үчүн бюджетке 20 миллион доллар акча төлөп беришип, андан сырткары, “Кыргызалтын” мекемесине 25% үлүш беришти. Бул деген Жерүй долбоорунда 80 тонна алтын кору бар кенде 1% дагы үлүшүбүз жок, 1,5 миллиард долларлык таза кирешеден бир дагы сом пайда албайбыз. Ошондо кайсы долбоор кыргыз эли үчүн пайдалуу болуп жатат Жерүйбү же “Эти Бакыр Терек-Сайбы”? Ɵзү эле ачык көрүнүп турбайбы! 


Ал эми Кыргызстандын Жер казынасы мыйзамынын негизинде ОАО “Восток-Геолдобыча” 22-май 2015-жылы Осоо “Альянс-Алтын” компаниясын Кыргызстанда ачышат. Анын 100% үлүшү ОАО “Восток-Геолдобычага” тийешелүү болот. Көп убакыт өтпөй ОАО “Восток-Геолдобыча” 2015-жылы июнь айында 99,9% үлүшүн “Liontaine Holdings Ltd” аттуу Кипр компаниясына сатып жиберген. Кипрдик компаниянын маалыматы боюнча бул долбоордо (Алиджан Ибрагимов) 40% үлүшкө ээ болгон жана ошондой эле Дени Бажаевге, Муса Бажаевге, кипрдик мененджерлерге тийешелүү болгон. Тактап айтсак, 2017-жылы 30-мартта “24.kg” сайтына чыккан маалыматта Жерүй долбоорунун жетекчилигинде 60% үлүш Муса Бажаевге, ал эми 40% үлүш (Алиджан Ибрагимовго) чегерилгени ырас, Жерүй долбоорунун ээлери өздөрү айтышууда. 


- Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде парламенттин жана өкмөттүн алдында коюла турган кандай суроо талаптар бар?


- 1) Акыркы ээлери кимдер экенин 26 берененин негизинде такташ керек. Себеби, геология департаментинде бул маалымат жок.

 2) Бонус төлөнүш керек. Жок дегенде 4-8 миллион доллар. 302-статьянын 3-пункттун негизинде бул бюджетке керектүү акча. 

3) Мыйзам чегинде 26-берененин негизинде лицензиянын шарты кандай?

 4) Азыркы мезгилде бул компаниянын өкүлдөрү “бюджетиңерге 100 миллион доллар төлөгөн акчадан сырткары, соттун чечиминин негизинде кошумча 580 миллион доллар төлөп бердик” деп айтышат экен. Ал кайсы соттун чечиминин негизинде? Конкреттүү кимдерге берилген, финансалык аудит жүргүзүлгөнбү? Ушуларды такташыбыз керек. (Биздин маалыматыбыз боюнча мурунку лицензиянын ээсинин “Визор” компаниясынын болжолдуу чыгымы 200 миллион доллардын тегерегинде болгон. Анан кайдагы 580 миллион доллар жөнүндө сөздү айтабыз?..).


Коюлган суроо-талаптардын негизинде парламенттик жана коомдук комиссия түзүлүп, жогоруда айтылган суроолорго жооп алсак, кыргыз коомчулугу үчүн чоң жетишкендик болот эле. Ушул жогоруда коюлган суроолорго жооп тапсак, биз сөзсүз түрдө бул долбоордо өзүбүздүн (мамлекетибиздин) үлүшүн алат элек. Эӊ негизгиси, бул орчундуу маселени чечүүдө сөзсүз түрдө Россия мамлекети менен мамилелерибиз бузулбаш керек. 


Биздин ассоциациянын мүчөлөрүнүн пикиринде “Альянс-Алтын” мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүп келүүдө. Социалдык долбоорлор да өз ордун таап, тийешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Биз дагы бул долбоордун токтоп калбай иштешине түздөн-түз кызыкдарбыз. 


Жер казынасынын беренелери бардык недропользователдер үчүн бирдей иштеш керек. Эгерде биз өзүбүздүн жер казынасын иштеткен ишкерлерге мыйзамдын негизинде кандай талаптарды койсок, башка дагы чет элдик ишкерлерге ошондой мамиле түзүү абзел. Учурунда биздин ассоциациянын өкүлдөрү ошол мезгилдеги “Альянс-Алтын” мекемесинин жетекчиси М.Шубинге жана россиялык менеджерлери Ю.Алешин (советник президента группы “Альянс”), А.Румянцевге (“Русский платина”, советник) үлүш маселеси боюнча сунуш-пикирлерибизди айтсак, бийлик тараптан жалпы жумушчу аянтча түзүлсө, сүйлөшүүгө даяр экендерин билгизишкен. Менин пикиримде, бул “үлүш” жана “бонус” маселеси бүгүнкү күндүн талабы катары эсептейм.


- Сиздин президентке, өкмөткө кайрылуудан соң бул боюнча көңүл буруулар, жылыштар болдубу?


- Бул кайрылуу, сунуштарда Кыргызстанга пайдалуу бир иш аракет жасалса (!) деген ой да. Тилекке каршы, кайрылуу-сунуштар боюнча “адистер карап жатат” деп эч ким көңүл бурган жок. Кайрылуубуздан эч жыйынтык чыкпай эле көмүскөдө калып калды. Бул өлкөбүз үчүн олуттуу маселе эле. Бул кайрылуу-сунушту терең изилдеп, иштер жүргүзүлсө балким жыйынтыктар болмок. Маселеге көңүл бурулбаган соң, албетте, эч жыйынтык жок. 


- Жерүйдө иштегендер айлык акылары кармалганы, кечиккени боюнча нааразылыктарын айтууда...


- Жерүй толугу менен Россиянын долбоору, бирок Эмгек кодексинин негизинде оор шартта иштеген адамдар үчүн эмгек акылары убагында төлөнүшү шарт.


Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн