2020-жылдагы Олимп оюндары 2021-жылы өтөт. Мындай чечимди Эл аралык олимпиада комитети, мелдештин уюштуруучулары жана Япон бийлигинин жолугушуусунда кабыл алынды.
Чечимдерди Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жолугушуудан кийин жарыялаган.
Мелдештин жаңы убактысы так коюла элек, бирок оюн 2021-жылдын жай айларынан кеч өтпөш керек.
Башта жайкы Олимп оюндарын 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өткөрүү пландалган болчу.
24-мартка карата короновирус илдетине чалдыккандардын саны 392 миңден ашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн