Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Күн мурун президенттин өкүлү Айбек Шаменов район аймагында жаңыдан бүткөрүлгөн өндүрүш ишканаларынан кабар алды. Алар:
- Самаркандек айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цехи.
Цех суткасына 5 тонна мөмө-жемиштерди кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ишканада 30 жумуш орду түзүлөт. Долбоордун жалпы наркы 16 млн сом. - Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу жана кайра иштетүүчү цехи.
Долбоордун жалпы наркы 52 млн сом. 30 жумуш орду түзүлөт.
Ишканада тамак-аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы чийки заттан желим жана кагаз идиштери чыгарылат. Ошондой эле желим идиштер кайра иштетилет. - Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы мөмө жемиштерди тоңдуруп сактоочу цехи (ваакуумдук муздаткыч).
500 тонна мөмө жемиштерди сактоого ылайыкташкан. 5 жумуш орд түзүлөт.
Долбоордун жалпы наркы 22 млн сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн