Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгана карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өтөт

17.08.2021 12:36
1394
Эгемендүүлүктүн  30 жылдыгана карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти өтөт



Бишкек шаарында 30-31- август күндөрү Эгемендүүлүктүн  30 жылдыгына карата КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.



Уюштуруучулар - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фонду.


Концерттик программада  дүйнөлүк музыкалык классиктердин чыгармаларынан тартып, ата мекендик алдыңкы чыгармалар эл алдына тартууланаары күтүлүүдө. 


Аталган концерт шериктештикте маданият аралык диалогду өнүктүрүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүүгө багытталган. 


Белгилей кетсек, КМШнын Жаштар симфониялык оркестри Гуманитардык Кызматташтык Кеңешинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык Гуманитардык Кызматташтык Фонду тарабынан түзүлгөн. Оркестр Шериктеш  жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттарынан,  абройлуу шоу жана сынактардын жеңүүчүлөрүнөн турат. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн