Кулжа 19, 2025
Убакыт: 01:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.00
101.00
RUB
1.100
1.140

Эл артисти Валентина Гилканы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

20.12.2021 13:09
428
Эл артисти Валентина Гилканы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

КР Эл артисти Валентина Гилканы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Эске сала кетсек, Валентина Гилка 2021-жылдын 18-декабрында 80 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.


Валентина Григорьевна 1941-жылы 23-ноябрда Украина ССРинин Донецк шаарында туулган.


1958-жылы Днепропетровск театралдык окуу жайынын режиссердук факультетине тапшырган. 1964-жылы Харьков театралдык институтун аяктап, Закарпатский драма театрынын труппасына актриса катары кабыл алынган. Кийин Белгород, Астрахань, Иваново, Свердловск театрларында актриса болгон.


Валентина Григорьевна 1975-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенип келген. Көрүнүктүү актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин режиссер жана продюсер катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан.


Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан.


Валентина Григорьевнанын сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен ардак грамоталарга арзыган. 2016-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, 2021-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдары ыйгарылган. Ошондой эле ушул жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.


Анын өлкөбүздүн театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис. Валентина Гилка сындуу өз кесибинин чебери республикабыздын сыймыгы болуп, актердук чеберчиликтин мыкты салттарын сактап, аларды келечек муунга татыктуу өткөрүп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн