Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Элчи Макеев Словакиянын президенти Зузана Чапутовга ишеним грамоталарын тапшырды

17.04.2024 16:18
113
Элчи Макеев Словакиянын президенти Зузана Чапутовга ишеним грамоталарын тапшырды


Резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Толенды Макеев Братислава шаарында Словакиянын пезиденти Зузана Чапутова ишеним грамоталарын тапшырды.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Словакия президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, жакшы каалоо-тилектерин айтты, кыргыз-словак мамилелерин мындан ары да чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын элчиси 2025-жылы «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин курамында чехословактардын биринчи эшелонунун Кыргызстанга келгенине 100 жыл болорун белгиледи. Алар биздин өлкөбүздүн өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң көмөк көрсөтүшкөнүн айтты. Ушуга байланыштуу жана бул маанилүү окуяга карата өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле биздин өлкөнүн Словакия менен эки тараптуу экономикалык, маданий-гуманитардык жана жана жогорку окуу жайлар ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу кызыгуусу баса белгиленди. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Словакиянын БУУ, Евробиримдиктин жана башка эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Словакия президенти Зузана Чапутова эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерин белгилеп, элчи Толенды Макеевге эки элдин бакыбаттуулугу үчүн дипломатиялык кызматына ийгилик каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн