Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Элди бөлүп-жарган блогер 2 айга камалды

19.02.2020 10:56
891
Элди бөлүп-жарган блогер 2 айга камалды


Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аймактар аралык кастыкты козууга шектелген блогер Элмирбек Садыманов 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди 19-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алганы белгилүү болду. Эми ал эки ай мөөнөтүн Бишкектеги СИЗО-1де өтөйт.


22 жаштагы блогер 17-февралда Жазык кодексинин «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча шектүү катары кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн