Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Эмакомго” байланыштуу Таалайбек Сарыбашовдун жоопкерчилиги каралабы?

19.12.2023 10:47
3491
“Эмакомго” байланыштуу Таалайбек Сарыбашовдун жоопкерчилиги каралабы?


Ош шаарында “Эмаком” компаниясы салган көп кабаттуу үйдүн айланасында чыр-чатактар токтобой келет. Мыйзамсыз курулганы менен далай чуулар козуп баратат. Үйдү түрттүрүүгө да демилгелер көтөрүлгөнүн кантебиз? Убагында кызылдай акчага батирлерди сатып алышса, аягы чатакка айланганы чечмеленеби? Аныгында, тийешелүү жетекчилер бул көйгөйдү жети өлчөп, бир кесүү менен тыянак чыгарышы керек. Биз бир олуттуу жагдайга көңүлүңөрдү буралы. Эгерде “Эмакомго” жер Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турганда берилсе, бул боюнча жоопкерчилиги каралбайбы? Дагы кайсы жетекчилердин айыбы ачылат болду экен? Чалмакейдин баарын жергиликтүү чиновниктер чалышса, азабын эл көрөбү? Дал ушул өңүтүнөн туура талдап, тийешелүү органдар дыкат баа бериши шарт. Кыскасы, учурда депутат болуп тымпыйып отурган Таалайбек Сарыбашов суралабы? Күнөөсү далилденсе, жазага тартылышы зарыл. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн