Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Жолду сактоо үчүн стационардык таразаларды иштетели”

19.12.2023 12:01
1198
Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Жолду сактоо үчүн стационардык таразаларды иштетели”


- Эмил Эрикович, жолдордун сапаты боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Сапатты көзөмөлдөө үчүн сиздин оюңузча кандай чаралар керек?


- Акыркы жылдары Кудайга шүгүр, жакшы жолдор салынып жатат. Өткөн жылы 20 миң тонна битум алынса, келерки жылга 30 миң тонна алууну министрлер кабинетинин төрагасы айтты. 10 миң тонна битум менен дагы канчалаган чакырым жолдор салынарын айгинелейт. Бул жакшы. Бирок, биз жолдордун сапатына да карашыбыз керек. Сапатты көзөмөлдөө максатында сунушубузду, протоколдук тапшырмабызды бердик. Азыр көмүр ташыган оор унаалар тынымсыз каттап атат, бирок жолдо бир дагы тараза жок. А тараза жок болсо ким көзөмөлдөйт? Аны кандай кылабыз?


- Азыр долбоорду талкуулоо учурунда сиздердин суроолорго алынган жоопторго караганда, көзөмөл мобилдүү болот экен...


- Анын натыйжалуулугу жок. Алар барып эмне кылат? Ээн талаадан кармап алып, жүгүн түшүрүп коймок беле? Түшүрбөйт да. Айып пул салат. Мындайча айтканда, акча чогултмай эле. Кагазды жазып берет, ал унаа болсо кете берет, жолду талкалай да берет. Айып пул болгону 5 миң сом экен, аны төлөп коюп, ташый берет. Кеп ошондо болуп атат! Стационардык таразалар керек. Ашыкча жүк менен келген унаалардын ашыкча тоннасын жерге түшүрүп, карапайым элге таратсын.


Мен ашыкча жүктөгөн карьерлерге айып пул салуу боюнча да сунуш бердим. Себеби, мыйзам бузуу казып аткан жерден башталууда. Олчойтуп жүктөп берип коюшат, жоопкерчиликтери жок. Ошон үчүн булакты башынан бууш керек... 

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн