Жетинин айы 07, 2025
Убакыт: 13:24
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.105

Энергетика министрлиги "чексиз тарифи" боюнча түшүндүрмө берди

07.11.2025 11:07
35
Энергетика министрлиги "чексиз тарифи" боюнча түшүндүрмө берди


Энергетика министрлигинин электр энергиясынын "чексиз тарифти" сунуштоо маселесине байланыштуу расмий түшүндүрмө берди.


Ведомствонун маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн колдонууга чакырык жасоо демилгеси "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан министрлик менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөн. Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жараткан.


Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Энергетика министрлиги "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүү боюнча катты компаниянын директорлор кеңешине жолдогон.


Күн мурун"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын директорлор кеңеши Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы №08-4/9640 катын карап чыгып, "КУЭТ" ААКтын башкы дирекциясынын төмөнкү мүчөлөрүнө тартиптик чара көрүү боюнча буйрук чыгарды:


  1. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору И.Сыдыгалиевге "сөгүш" берилди;
  2. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбекке Дүйшө уулу "сөгүш" берилди;
  3. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.Орозбаев кызмат ордунан бошотулду;
  4. Электр энергиясынын тартыштыгын жана коомдук нааразычылыкты эске алуу менен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКка калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн