Бугу 21, 2024
Убакыт: 11:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эртели-кеч Текебаев акталып чыгаары бышык, - Кубат Оторбаев

30.05.2020 14:39
1224
Эртели-кеч Текебаев акталып чыгаары бышык, - Кубат Оторбаев


Өмүрбек Текебаев камакта…


Омбудсмен катары абалын сурап, укугу бузулган жокпу, ден соолугу кандай экен, деп № 47 абакка бардым эле. Өмүрбек Текебаев президент Алмаз Атамбаевди жарга такап, Кой-Таш, Дача-Су боюнча фактыларды чукуп, ага импичмент жарыялап, тактан кулатам дегенде камакка алынган.



Ошол убакта мен акыйкатчы катары Ө.Текебаевдин камалышын туура эмес, деп ачык айттым (ал билдирүүм интернетте азыр да бар). Ошондон тартып омбудсменге бардык эшиктер жабыла баштады. Болбосо Алмаз Шаршенович менен 1997-жылдан бери тааныш, ага-ини, дос элек. Бирок Ө.Текебаев боюнча билдирүүмдөн кийин мамилеси кескин өзгөрдү – мени акыйкатчы катары кабыл алууну токтотту. Ал аз келгенсип УКМК иш козгоого аракет жасап, кайра-кайра суракка чакыра баштады. Мен мунун баарын элге жарыялаган жокмун. Мага Ак үйдүн мамилеси Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Дастан Сарыгулов, митингдерге элдин укугу боюнча билдирүүлөрүмөн кийин ого бетер начарлады.



А.Атамбаевдин бүгүнкү абалына анын айланасындагы ат кошчулары түздөн-түз себепкер. «Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт… (Шаке)»


Ал эми Өмүрбек Текебаевдин элге, мамлекетке жемиш берип, кызмат өтөй турган сонун жылдары абакта өтүп кетти. Өмүрүнүн бир учуру темир тордо калды. Ал кыргыз саясатында мамлекеттин түптөлүп, өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан. Алдыда далай элге жасаар кызматтары бар.



Баса, акыйкатчы катары анын кылмыш иши менен толук таанышып чыккам – иште дал келбеген, шибегени капка каталбагандай оркойгон, одоно жасалган дал келбестиктер өтө көп.


Ошол себептен эртели-кеч Ө.Текебаев акталып чыгаары бышык.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн