Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эрулан Көкүлов: Мени депутаттык мандат да өзгөртө албайт

30.11.2021 17:54
1124
Эрулан Көкүлов: Мени депутаттык мандат да өзгөртө албайт

Парламенттик шайлоонун алдын ала эсеби дале талкуунун чордонунда. Айрым талапкерлер шайлоону толугу менен жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Болжолдуу жыйынтык көрсөткөндөй саналуу талапкерлер башкаларга салыштырмалуу өтө чоң айырма менен добуш алганы маалым болду. Алардын бири "Не сахар" долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Көкүлов.


Би-Би-Си Эрулан Көкүловду кепке тартып, кенен маек курду.


Би-Би-Си: Шайлоодо ушундай жыйынтыкка жетишем деп күттүңүз беле?


Эрулан: Чынын айтсам жок. Анткени акыркы мезгилде баарын жыйыштырып салып эле "Не Сахар" деп баш отум менен чуркап жүрө берип айланамда эмне болуп жатканын жакшы байкабай деле калыптырмын. Ушунчалык колдоо алып, элдин уулуна айланып калганымды эми гана сездим. Мени буга чейин да колдоп, сүрөп келишкен. Бирок, ушунчалык деңгээлде деп күткөн эмесмин чынында. Бир топ талапкерлер үгүт материалдарын тарата албай аябай убараланды. Берсе албай, алса таштап салып дегендей. Мен болсо сураган үгүтчүлөргө материал жеткире албай, үнөмдөп убара тарттым. Баардык жерде аябай колдоп жатышты. Базарда, көчөдө, айылда, шаарда дегендей. Үгүт мага ушунусу менен жакты. Досторум Таласта материал, кагаз, гезит сыяктууларды сурап келгендерге бербей жатат. Андан ары Токтогул, Нарынга барсак элге эмне беребиз деп машиненин эшигин бекем жаап коюшуптур.


Би-Би-Си: Эл ушунчалык колдоду деп калдыңыз, бирок, ошол эле үгүт учурунда "менде эмне күнөө, мени эмне сөгүп жатасыңар" деп коомдук сайттар аркылуу өзүңүз дагы кайрылууга аргасыз болдуңуз эле...


Эрулан: Менин партия боюнча тандоом элге жаккан жок. Бул дагы сатылды, андай-мындай дегенди көп эле уктум. Мага он чакты партия сунуш берген. Мен кайсынынсын тандабайын ошол сөздү укмакмын. Биз саясат жүргүзгөндү билбейт экенбиз, биз таңуулаганды эле жакшы билет экенбиз. Үгүт учурунда кылган ишин, планын айткандын ордуна, убактысын башкаларды жамандоого коротуп жаткандар болду. Мен андай кылган жокмун.


Би-Би-Си: Талапкер кезде баары жакшы, жаман депутат кайдан чыгат деген сын көп эле айтылып жүрөт. Сизге дагы ушундай сын айтылышы мүмкүнбү?


Эрулан: Эгер мен ошол депутаттрадай болуп, барып олтуруп алсам андай сын мага дагы айтылышы мүмкүн. Биз иштейли деп жатабыз. Иштеген кишиге андай айтылбайт.


Би-Би-Си: Мен тандаган партия айрымдарга жакпай калды дебедиңизби, партия чындап эле күмөндүү партиябы?


Эрулан: Партия мен үчүн парламентке карай жөн гана инстурмент. Мен "Ынтымак" партиясына ырахматымды айтам. Ачыгын айтканда партиябыздагы 54 талапкердин 45и мага чоочун, мен тааныбайм дагы. Мага ал маанилүү эмес, мен өтүп, иштешим керек.


Би-Би-Си: Шайлоо кыйла таза, адилеттүү өттү деп жаткан учурда добуш эсептеле баштаганда чоң күмөн жаралып калды. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз дегендер дагы бар, жыйынтыгын кабыл алалы дегендер дагы бар. Сиздин пикириңиз кандай?


Эрулан: Мен Борбордук шайлоо комиссиясына наалат айтат элем. Шайлоо сайын улам бирдеме. Шайлоочунун добушу аманат, алар мындайга жол бербеш керек эле. Бул акыркысы болсо дейм, алар эмне кайра кайра эле жаңылгандай кенедей балабы? Экинчиден, Кыргызстан азыр оор абалда турат. Биз кайра-кайра оюнчук кылып шайлоо өткөрө албайбыз. Мен шайлоодо 19 000 добуш алган киши катары коркпойм, кайра деле бара берем. Бирок, жаңы шайлоо деп каражатты кайра эле шайлоого сарптай берген болбойт. Каражатты көтөрө алат деген күндө дагы элдин акчасын улам-улам эле шайлоого жумшай берүүнү каалабайм.


Би-Би-Си: Сиз кезинде үзөңгүлөш жүргөн досторуңуз башка партия менен, сиз башка партия менен кеттиңиз. Арасында өтпөй калгандар дагы болду. Шайлоодон соң алар менен байланыштыңызбы?


Эрулан: Шайлоодон кийин чынында телефонум "жарылып" кетейин деп турат. Бир эле учурда 3-4 киши чалып жатат. Үлгүрө элекмин. Бир айтаарым иштеш керек, эмгек кылыш керек. Мынча добуш мага асмандан түшкөн жок да. Баары ишимди көрүп анан добуш берди. Мен мага добуш берген бир да адамдын жүзүн жер каратпайм. Кастюмду кантип кием деп эле аябай ойлонуп жатам, мен эркин жүргөндү каалайм. Атын, отчествосун айтып кайрылуу бул эми союздун калдыгы. Бирок, кастюмду кийип, эл ишенип көрсөтүп жаткан соң иштейм.


Би-Би-Си: Ден-соолугуңузда көйгөй болуп жатканын айттыңыз эле. Азыр абалыңыз кандай?


Эрулан: Азыр деле ошондой. Негизи бул жөнүндө кенен сүйлөгүм келбейт. Буюрса эми көрөбүз.


Э.Көкүлов: Мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды сырттан ташыган "чоң бизнес"

Ишкер: Жегенге болбойт деген жашылча кыргыз базарын каптоодо

Би-Би-Си: Долбоор мурдагыдай эле ачык-айын, курч бойдон кала береби?


Эрулан: Дал ошондой калат, мокобойт. Мен соңку учурда туугандарымды, тааныштарымды дагы чоочун кишидей эле тартып, жарыялап салдым. Тууганым, таанышым эле дегенге караган жокмун. Эл да билип, пара сунуштабай калды. Соңку жылда андай сунуш менен эки эле ишкер кайрылды. Мен ишкерлерге кайрылаарым мени келет, көрсөтөт деп күтпөй таза, сапаттуу иштеңиздер. Мен ошону каалайм. Өнүккөн, мыйзамы иштеген Кыргызстанды калтыргандай бололу да. Мен ошого умтулам.


Булак: БИ-БИ-СИ

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Мээрим
Биз уйбулобуз менен Эруланды шайладык,ишенебиз,ишине ийгилик! Ата энесине чоон рахмат ушундай жонокой,таза,адилетту,татынакай жигитту чонойтушканына,Аллахым ден соолук,узун омур берсин уй булосуно и Эруланга.
Жыпаркул
Мен сизди шайладым,передачаныз аябай жагат,Эми жакшы,таза иштениз
Жыпара
Мен сизди шайладым,Эми туура иштениз