Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Эсептөө палатасы Талас шаарынын бюджетинен каржылык бузууларды аныктады

19.03.2024 10:33
300
Эсептөө палатасы Талас шаарынын бюджетинен каржылык бузууларды аныктады


Эсептөө палатасы 2022-жылга карата Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудиттерди жүргүзгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгы боюнча, бардыгы – 292 млн 211,7 сомкаржылык бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

  • мөөнөтүндө төлөнбөгөн бюджеттик ссуда 2 млн сом;
  • эмгек акы жана башка төлөмдөр боюнча бузуулар – 3 млн 364,8 сом, анын ичинде: штаттан ашыкча бирдиктерди киргизүү – 393,3 миң сом, жумуш орундарын аттестациялоосуз, компьютерде иштегендиги үчүн – 356,2 миң сом өлчөмүндөгү үстөк акы негизсиз төлөнгөн, негизсиз төлөнгөн сый акылар жана сыйлоолор – 2 млн 615,3 сом;
  • жумуштун көлөмүнүн жана аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жогорулатылышы – 325,5 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттар – 76,8 миң сом;
  • ченемдик укуктук актыларда жана келишимдерде (контракттарда) каралган белгиленген өлчөмдөн ашык, аткарылган иштердин актылары жок – 418,9 миң сомсуммасындагы аванстык төлөмдөр которулган;
  • пландалган максаттарга жетпестен, каражаттардын рационалдуу эмес чыгымдалышы – 415,1 миң сом;
  • депозиттик эсепте талап кылынбаган – 5,6 миң сом өлчөмүндө калдык;
  • эсеп берме жактардан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды аванстык отчетторсуз негизсиз эсептен чыгаруу – 187,5 миң сом;
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиришин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлк: 2022-жылга наркы – 283 млн 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар эсепке алынган эмес;
  • бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды баланстан чыгаруу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы – 461,0 миң сом;
  • материалдык эмес активдерди эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы – 30,0 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 185,0 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар – 1 млн. 198,9 сом.

Мындан тышкары, аудитте негизги каражаттарды кириштөө, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиришин эсептөө тартибин бузуу аныкталган. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлк: КР Салык кодексинин 212-беренесин бузуу менен, "Таза Суу" муниципалдык ишканасында, 2022-жылга жалпы жылдык кирешесинин курамына ишканага кайтарымсыз берилген наркы – 283 млн 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар (суу түтүктөрү) киргизилген эмес. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы кирешени бул суммага көбөйтүү менен Талас шаары боюнча МСКБга такталган отчет түзүлүп берилди.

Талас шаарынын мэриясынын бардык аудит жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштөрүнө аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн