Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 14:23
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Футбол падышасы Пеле каза болду

30.12.2022 11:25
1192
Футбол падышасы Пеле каза болду

Бразилияда футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле көз жумганын Associated Press басылмасы жазып чыкты.


Пеле Сан-Паулодогу ооруканада коронавирус жана респиратордук инфекция менен алышып келген. Ошондой эле онкологиялык оорудан дагы дарыланууга муктаж эле. 2021-жылы футболчу жоон ичесиндеги шишикти алдырып, дарылануусун улантып жаткан. Ал эми 22-декабрда Пеленин абалы начарлап кеткени кабарланган.


Эдсон Арантис ду Насименту (Пеле) 82 жашта көз жумду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн