Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору болгон кыргыз спортчулары Бишкекке кайтып келди

26.09.2023 09:51
395
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору болгон кыргыз спортчулары Бишкекке кайтып келди


Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди. Спортчулар менен кошо машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында "Манас" эл аралык аба майданына конду.

Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди.

Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Тайырбек Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөн, андыктан ага лицензия берүү каралган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн