Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Гүлбара Оморова: “Биздеги климаттык кризисти, көйгөйлөрүбүздү көтөрүүгө татыктуу окумуштуулар, лидерлер керек”

09.11.2023 12:09
765
Гүлбара Оморова: “Биздеги климаттык кризисти, көйгөйлөрүбүздү көтөрүүгө татыктуу окумуштуулар, лидерлер керек”


Гүлбара Оморова карындашымды мурун Кыргызстандын мөңгү баскан бийик тоолорунда климаттык өзгөрүүлөргө байкоо салып жүргөн кыргыздын патриот кыздарынын бири катары жакшы билет элем. Учурда Германиянын геология изилдөө борборунда билимин улантып атыптыр. Ал жакка кантип барып калганын айтып берди.


- Гүлбара, акыркы учурда көрүнбөй кеттиң, кыргыздын тоо-таштарына байма-бай каттап турчу элең, деги кайдасың? 


- Эл аралык климатты коргоо программасынын илим изилдөө кызматына билек түрө киришип кеткем. Бул 12-15 айлык климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча окуу жана тажрыйба алмашуу программасы. Тактап айтканда, Александр Гумбольдт фонду климат маселелери боюнча иштеген илимий изилдөөчүлөрдү жана эксперттерге колдоолорду көрсөтүп, Германиянын институттарына байланыш түзүүгө жардам кылат. Бул тажрыйба климаттык экспертиза чөйрөсүндө лидерликти күчөтөт. Жаратылышты коргоонун баардык аспекттерин терең өздөштүрүп, иштеген ишиме байланыштуу өзүмдүн жазган изилдөө долбоорум институт тарабынан колдоо таап, азыркы учурда окуумду улантып жатам. 


- Ошондо кайсы жакта?


- Кабыл алган институт Германиянын геология изилдөө борбору деп аталат. Deutsches GeoForschungsZentrum GFZ (englisch Helmholtz Centre Potsdam GFZ German Research Centre for Geosciences) Албетте, бул мүмкүнчүлүк илимий ишти лидерлик Climate Action аттуу программанын алкагында климатка байланыштуу маселелерди терең изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Изилдөөлөрдү, климаттык маалыматтарды талдоо жана баалоо үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну, ошондой эле эксперттик комиссияларга катышууну жана климаттык саясатты жакшыртууга жол ачабыз. 


- Сага окшоп климаттык өзгөрүүлөрдү изилдеген адамдарды көп биле бербейт экенмин...


- Азыркы учурда биздин өлкө жаңы муундагы билимдүү лидерлерге, эксперттерге муктаж (negotiators деп коебуз). Биздин климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан укугубузду, суу ресурстарын пайдаланууда, бийик трибуналардан келечектеги климаттык кризисте диалогду күчөтүүдө жана көйгөйлөрүбүздү жеткирүүгө татыктуу окумуштуулар, лидерлер керек. Дүйнө жүзү өздөрүнүн билимин жана тажрыйбасын бөлүшүп, климаттык жана башка чөйрөдө инновацияларды жайылткан адамдарга муктаж. Бул программа көбүнчө климаттын өзгөрүүсү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты колдойт. Биз билим жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүп, дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар жана уюмдар менен долбоорлорго катыша алабыз.


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн