Гүлнура Төралиева Кыргызстан тараптан Кыргыз-Азербайжан бизнес кеңешинин тең төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Белгиленгендей, Төралиева жаңы кызматында эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташтыгын кеңейтүүгө, бизнес демилгелерди илгерилетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Төралиева — DataLab консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, бизнес, маркетинг жана сатуу боюнча эл аралык консультант. Буга чейин Баку шаарында 70тен ашуун кыргызстандык айым-ишкерлер катышкан форумда лидерлик программаларын ишке ашырган.
Ал мурда Кыргыз өкмөтүнүн кеңешчиси болуп иштеген, өкмөттүн басма сөз кызматын, ОБСЕ академиясын жана BBC Борбордук Азия фондун жетектеген.
Учурда Борбордук Азия университетинин профессору жана ишкерлер үчүн билим берүү программаларынын автору.
IE Business School (Испания) университетинен Executive MBA даражасын, City University London’дон магистр даражасын алган жана филология боюнча илим кандидаты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн