Теке 27, 2024
Убакыт: 11:53
USD
EUR
RUB

ИИМ: Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкери ири суммада пара берүүгө шектелүүдө

30.11.2023 18:07
223
ИИМ: Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкери ири суммада пара берүүгө шектелүүдө


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында коррупциялык фактыларды аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчилеринин бири аныкталган бузууларды жашыруу максатында андан ары текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири өлчөмдө акча каражатын пара катары сунуштаган.


Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси “Пара берүү”  менен кылмыш иши козголгон.


2023-жылдын 24-ноябрь күнү Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында жетекчилик кызматты ээлеген жаран Ш.А. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерине 320 000 сомду пара
түрүндө берген учурунда кармалган.


Сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн