Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ: Чолпон-Атада 15 жыл мурда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

ИИМ: Чолпон-Атада 15 жыл мурда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды


Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында катталган адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2008-жылдын 4-апрелинде Чолпон-Ата шаарындагы прокуратуранын имаратынын жанында унаа менен жүргөн белгисиз адамдар "Toyota Land Cruiser Prado" үлгүсүндөгү унааны автомат менен аткылап кетишкен. Атылган унаанын айдоочусу 1955-жылы туулган Кубанычбек Коноев башынан жана көкүрөгүнөн көптөгөн жаракаттарды алып, ошол жерден каза болгон.

Андан кийин белгисиз кылмышкерлер кылмыш болгон жерден из жашырып кетишкен. Ошол эле күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын аймагынан шектүүлөргө таандык "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаа табылып, аны кароо учурунда автоматтын гильзалары, номуру өчүрүлгөн “калашников” автоматы табылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" (эски кодекс) беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары криманалдык төбөлдү өлтүрүүгө шектелгендер кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок бул так маалымат эмес. Кубанычбек Коноев уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Нурлан менен Мирлан Коноевдердин атасы. Экөө тең 2006-жылдын августунда жана 2007-жылдын апрелинде ушундай жол менен өлтүрүлгөн. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде Жогорку соттун имаратынын алдында кылмыш сууй электе кармалган.

Жакында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 15 жыл мурдагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды.

Аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1983-жылы туулган К. А. жана криминалдык төбөлдүн тууганы 1969-жылы туулган К. Н. кармалды. Кармалган жарандарга карата камакка алуу чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн